Алмазбек Атамбаев ооруканага которулду…

30.06.2020

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-июнда Атамбаев абалы начарлагандыгын билдирип, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан.

Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум өткөрүп, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган. Буга байланыштуу Атамбаев стационардык дарылануудан өтүү үчүн ооруканага жаткырылды.

 

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram