Нурлан Насип: “Ооруканага келүүнүн кажети жок…”

29.06.2020

Жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн ырчы Асел Кадырбекованын жолдошу ырчы Нурлан Насип элге кайрылды.

26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болгон. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алган. Кырсыктан жабыркаган Асель Кадырбекова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө. Ырчынын мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганы айтылган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram