Жумабеков: “Телефон чалып убактыбызды албаңыздар, суранабыз…”

29.06.2020

Жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн ырчы Асел Кадырбекова дагы эле жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу ишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Сабырбек Жумабеков журналисттерге кайрылып, Кадырбекованын абалын туугандарынан суроону суранды.

 

26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы болгон. Анын кесепетинен 3 адам жаракат алган. Кырсыктан жабыркаган Асель Кадырбекова оор абалда ооруканага келип түшкөн. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө. Ырчынын мээси чайкалып, моюн омурткасы жана акыреги сынганы айтылды.

fakt.kg

 

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram