Фейк акаунттарга каршы мыйзам долбоору эмне себептен ушунчалык чуу жаратты?

29.06.2020

 

Коомубузда азыр коронавирустан сырткары, жарандарды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган, же так болбогон маалыматтардан коргоого багытталган «Маалыматты манипуляциялоо» жөнүндө мыйзам долбоору боюнча карама-каршы ой-пикирлер күчөп, кадимкидей эки жаат пайда болду.

Бул боюнча канча талкуулар теледен, радиодон, гезит беттеринен кетти. Ар кимиси өз жүйөөлөрүн келтирүү менен кызуу талкуу жаратышты.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган, же так болбогон маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган деп мыйзам долбоорунун максаты белгилеген.

Ошентип, мыйзам долбоорду жактагандар интернет айдыңында жалган ат менен же болбосо фейк-аккаунт менен катталып алып, атаандашын болобу, оппонентин болобу, же бирөөнүн заказы менен болобу айтор кайсы бир жактырбаган адамдын башына «жугунду» куюп, ар-намысына, беделине шек келтиргендерди тыйып, жөнгө салсак деген ниеттерин айтып чыгышты.

Алардын белгилешинче, кандайдыр бир дооматы болсо, аты-жөнүн ачык чыгарган аккаунт, адрестер менен чыгышса бир жөн. Мындай фейк аккаунттардын жалган жалаа жабышкандыгы боюнча сотко арыз да жаза албайсың, анткени сотко бере турган адам жок. Ошентип, кайсы бир адам өз укугун дагы мыйзам чегинде коргой албай калып жатышат. Көйгөй ушунда.

Экинчи каршы тарап болсо бул мыйзам долбоору менен сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн эркин айтуусуна чектөө киргизилип жатканын айтып, караманча-каршы болушууда. Анан калса буга өтө көп каражат, жабдуулар, адам ресурсу керектигин айтып, Кыргызстандын шартында бул мыйзам кабыл алынса дагы аткарылбастыгын баса белгилешет. Ошону менен катар бул мыйзамды алдыдагы парламенттик шайлоого дагы байланыштырып, атайын кабыл алып, анан шайлоодо өз ой-пикирлерин ачык-айткандарды куугунтуктоо максаты көмүскөдө турганын айтып чыгышты.

Ой жүгүртөлү, бир тарап сени жөнү жок жамандап жаткандарга чара көрө албай, укугунду коргой албай, жөн эле жаманатты болуп жатасың десе, экинчи тарап сенин эркин ой-пикир билдирүүңдү чектеп жатат дейт. Мындай шартта мыйзам долбоорунун зарылчылыгы барбы?

Ал үчүн ошол талаш болуп жаткан интернет талаасына саресеп салалы. Эмнелер гана жок, кимдер гана жок, бары-жоктун баарын ушул интернеттен табасың го, чиркин.

Эми бул жерде бирөөнүн дарегине айтылган мазактоолор, каралоолор, жамандоолорго келели. Өз атына ачык айткандар менен жөн эле фейк (жасалма) аккаунт түзүп киргизип коюп эле урдуруп жаткандарды салыштыралы.

Кимиси көп жана эмне үчүн? Мына ботконун баары дал ушул жерде болуп жатат! Атын ачык айткандар менен эркекче сүйлөшөбү, же ошол эле интернет айдыңынан кайым айтышабы же андан ары сүңгүп соттошобу алардын өз эрки. Маселе кандай болсо да эки жактын катышуусунда чечиле турган иш.

Ал эми аты жок эле, жалган аккаунт менен чыгып алып, сени мазактагандар менен кандай күрөш жүргүзүүгө болот? Же аларды аныктоо мүмкүн эмес деп эле кол шилтеп таштап коюу керекпи? Буга өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз.

Андан кийинки маселе – бул фейк аккаунттар эмне максатты көздөйт, эмне сыры бар? Же ачыкка чыксын, же ушинтип белгисиз эле бир ат менен чыгып алып бирөөнү шыбагандан кандай пайда-зыяны бар?

Дүйнө жүзүндө адамдын аң-сезиминин, ой-жыйынтыгынын, жашоо маңызынын баары бир гана акчага барып такалып калган жагдай түзүлдү. Мына ушундай маңкуртчулук сезимине интернет айдыңы дагы чулганып бүткөн.

Алып карасак, боттор, блогерлер, вайнерлер жана башкалар жалган ат менен же фейк аккаунт менен чыгып, акча табышат. Жеңил акча табуунун эң оңой жолу. Алар азыр миңдеп саналат, алардын жеген наны, ичкен ашы да ушул болуп калды. Бул биринчиден.

Экинчиден, кайсы бир жагдай, орчундуу маселе, же конкреттүү адам боюнча коомдук пикир жаратуу менен аны асманга көкөлөтөбүз же тескерисинче жерге киргизебиз. Бул айрыкча саясатчыларга, саясый күчтөргө оппонеттери менен күрөшүүсүнө абдан сонун инструмент болуп калды.

Үчүнчүдөн, тышкы күчтөрдүн, айрыкча батыш менен Американын бейөкмөт уюмдары аркылуу өздөрүнүн кызыкчылыгын бизге окшогон өлкөлөрдүн саясатына таңуулоо, таасир этүү жана киргизүү аракети болуп келе жатат.

Айрым бизге жардам беребиз деген чоң-чоң эл аралык уюмдар, кээ бир мамлекеттер өздөрүнүн максатын ишке ашырууда Кыргызстандын коомчулугунда ар дайым карама-каршы пикирлердин болушу бул демократиялык көрүнүш катары баалоо менен өлкөдө туруксуздук болуп турушу үчүн ортого от жагып келе жатышат. Булардын баары түпкү арам ойлорунун ишке ашуусу үчүн акча каражатын такыр аяшпастыгын көрүп-билип эле келатабыз.

Мына ушулардын негизинде ойду жыйынтыктай, корутундулай келгенде «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун айланасында ушунчалык ажиотаж болуп, каршы чыккан тараптар бар күч-аракеттерин, ресурстарын аянбай жумшашкандыгын көрүүгө болот.

Же болбосо кайсы бир мыйзам долбоору коомдук талкууга алынганда «бул жери ашык, бул жери кем» деп өз-сунуш пикирлерин берүү менен конструктивдүү талкуу жүрөт, адатта.

Ал эми фейк-аккаунттар менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбооруна жогорудагы максаттарды көздөгөндөр караманча-каршы чыгышканы, же сөз эркиндиги чектелет, демократияга доо кетет деген таризде каршы болушканы ошондон улам болуп жатат.

Болбосо өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган канчалаган мыйзам долбоорлору боюнча мынчалык талкуу жаратышпайт дагы, фейк-аккаунттардын, троллдордун, боттордун жана башкалардын армиясына жан тартып чырылдап чыгышкандыгынын сыры ушунда.

Мындан, кимдер кандай максатта каршы чыгып жаткандыгына дагы бир жолу саресеп салып, кимдин-ким экенин жакшылап ажыратып билип алалы.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram