Бишкекте кызды барымтага алган жаран кармалды (Видео)

17.06.2020

Бишкекте сүйгөн кызын кызганып барымтага алып, өлтүрөм деп коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 19.50дө Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде мас эркек киши бычак менен коркутуп жаткандыгы тууралуу милицияга билдирүү келип түшкөн. Аталган дарекке милициянын ыкчам-иликтөө тобу, патрулдук милиция ыкчам түрдө барып 1984-жылы туулган С.К аттуу жаран кармалган.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram