“Кырк Чоронун” лидери: “Мен эч качан аялыма кол көтөргөн эмесмин”

15.06.2020

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда күйөөсү аялынын мойнуна дөңгөлөк илип, сабап, суу чачып кордогон видео интернет тармагына жарыяланып, коомчулукта кызуу талкуу  жаратты. Мыкаачы күйөө 15 суткага камакка алынган. Бирок аял тосмо арыз жазып, күйөөсүн кечиргендигин билдирген.

Бул окуяга байланыштуу Fakt.kg “Кырк Чоро” кыймылынын лидери Замир Кочорбаевге кайрылды.

-Саламатсызбы Замир мырза, Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк асып, уруп видеого тартып кордогон окуя боюнча Сиздин пикириңиз кандай?

-Менин бул окуя боюнча пикирим терс, мындай көрүнүштү туура көрбөйм. Дөңгөлөк салып сабаганы туура эмес. Ошол эркек сөзсүз түрдө жазаланыш керек. Бирок видеого тартканы атайын бир шоу сыяктуу кылып жаткандагыдай көрсөтүп жатат, кандайдыр бир сүйлөшүп алып кылгандай жагын көрсөтүп. Ошондой да ойлоп калдым. А бирок ошол эркек сөзсүз жазаланышы керек. Анткени дагы ушундай окуя кайталанбашы үчүн. Себеби бул окуяны коомчулук көрдү, башка эркектер ушундай кылса болот экен деген ойдо калбаш керек. Аялдарга карата зомбулук болбос үчүн бул эркек жазаланышы керек.

-Кыргызстанда негизи аялдарга карата көрсөтүлүп жаткан зордук зомбулук окуялары көп эле болуп жатат, анан ушундай окуялар байма бай кайталанып, мындай көрүнүштөрдү жасагандар соттон акталып чыгып кетсе, аялдардын укугун коргоп “Кырк Чоро” митингге чыгабы?

-Эгер  башка дагы коомдук бирикмелер ушундай демилге көтөрүп чыгалы десе, биз дагы чыкканга даярбыз.

-А Сиз жеке үй бүлөңүздө аялыңызга болгон мамилеңиз кандай?

– Мен эч качан аялыма жана аял затына кол көтөргөн эмесмин. Аялды уруп сабагандан эч майнап чыкпайт. Болгону жакшына сөз менен түшүндүрүп  коем.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар