Нарында кыяндан жабыркагандарга жардам берилди (ВИДЕО)

05.06.2020

4-июнь күнү Нарын шаарынын тургуну Замира Өмүрзакованын кыяндын кесепетинен үйү жабыркаганы боюнча “fakt.kg” сайтына өз көйгөйү боюнча кабарлаган эле. Бүгүн, 5-июнда биздин редакцияга Нарын шаардык мэриясы жообу берген экен.

Нарын шаарынын тургуну Замира Өмүрзакованын үйү 3-июндагы кыяндан улам жарактан чыккан. Бүгүн, 5-июнда шаар башчысы Нурбек Молдокадыров менен вице-мэр Назира Жумакадырова жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү З.Өмүрзаковага жолугуп, гуманитардык жардам берди. Мындан сырткары убактылуу жашай тургунга шарты менен вагон коюп берерин жана жергиликтүү бюджеттен үйдү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүлөрүн баса белгиледи. Эске салсак, шаар боюнча кыяндын кесепетинен 4 үй жарактан чыкты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар