Дааратканада зордукталган кыз боюнча Жогорку сот депутатка жооп берди…

04.06.2020

Жогорку сот депутат Айсулуу Мамашеванын айткандары боюнча жооп берди.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу үй камагында. Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө экени жана каралып жатат.

Эскерте кетсек, депутат Айсулуу Мамашова бүгүн,  4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында  Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган жаранды актап койгондугун билдирген.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар