“Бала бакчалар коронавируска тест тапшырууну талап кылууда”

04.06.2020

Бала бакчалар ата-энелерден балдарын коронавируска тест тапшырууну талап кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабылды Тиллаев билдирди.

Депутаттын айтымында, 5-июндан тарта ишке кире турган бала бакчалар ата-энелерден коронавируска тесттин жыйынтыгын талап кылышууда.

«Жергиликтүү бийлик жетекчилери ата — энелерди чогултуп, балдарды коронавирус илдетин аныктоо боюнча тесттен өткөрүүнү талап кылышууда. Бул туура эмес. Анткени, ансыз да толук кандуу иштей албай жаткан жарандарыбыз, 2 миң сомдон жогору турган тесттен кантип өтөт?» — деди депутат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар