Парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн…

03.06.2020

Парламенттик шайлоо коронавируска байланыштуу жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков журналисттерге билдирген.

“Азыркы учурда коронавирус пандемиясы качан токтоорун эч ким так айта албайт. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги эмес, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да бул боюнча маалымат бере албай жатат. Андыктан күзүндө өтүүчү шайлоо да ушул пандемиядан көз каранды.

Өзгөчө абал – бул Баш мыйзамда жазылган өзүнчө бир чоң мыйзам. Ал өкүм сүрүп турганда, мыйзам боюнча, шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер күзүндө абал азыркыдан курчуп кетип, кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болсок, анда парламенттик шайлоонун да мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн. Бирок баарыбыз гигиеналык эрежелерди сактап, бул оорудан арылуу аракетин көрөлү. Элибизден коронавирус батыраак чыгып кетсин”, – дейт Жумабеков.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар