Ташиев Өзбекстандын премьер-министрине жооп берди…

03.06.2020

Саясатчы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын өкмөт башчысынын айткандарына жооп берди.

“Урматтуу эл журт!
01.06.20. күнү Өзбек Республикасынын премьер-министри А.Ариповдун Сох айылынын жашоочулары менен болгон жолугушуудагы айткан сөзүнө мен жооп берүүнү чечтим, себеби биздин Өкмөттүн жооп берууго чамасы келбей калган окшойт. Кыргызстанда мамлекеттин, жердин жана бийликтин ээси Кыргыз эли, а мен ошол Элдин мекенчил атуулумун!!!
Коншу Өзбек республикасынын Өкмөт башчысы мырза А.Арипов, угуп, анан түшүнүп алыныз;
1. “Чечме” айлындагы суу булагы Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан, коншу мамлекеттин жарандарына макулдашуу аркылуу гана бере алабыз.
2.Сох айылына суу, жер жетпегендин себеби, ошол территорияда жашаган элдердин өтө тездик менен көбөйүп кеткендигинде, алар көбөйгөн сайын сууларыбызды, жерлерибизди аларга бере албайбыз, себеби өзүбүзгө жетишпейт. Ашыкча элиниз болсо Озбекстанга кочуруп кетиниз,а биз болсо бир метр жерибизди бербейбиз!!!
3.Биз болуп откон окуя боюнча кечирим сурабайбыз,себеби булагыбызды тазалоо учурунда озбек жарандары келип кол салышкан жана биринчи уйду алар куйгузушуп,кыргыз жарандарын ур-токмокко алышкан,а биздин атуулдар бир канча убакыттан кийин топтолуп келишип гана «катылгандын катыгын» беришкен.Биз Озбек элин,мамлекетин сыйлайбыз жана тен ата суйлошууго милдеттуубуз!
4.Сох-Риштан жолун ачуу боюнча эч кандай юридикалык документти коргон жокбуз .Анда эмне учун Кара Суу районунун территориясында жайгашкан Кыргызстандын «Барак» айылын толук блокада кылып жок кылдынар,Кыргызстандан чыккан суулар Кудайдыкы деп айтыпсыз,анда Озбекстандан чыккан газды да ошол оюнуз менен бизге бекер бериниздер.
5. Биз Озбек мамлекети менен Кудай кошкон коншубуз,ошондуктан устомдук кылуу саясаты эки олкого тен абийир жана жакшылык алып келбейт. Урматым менен”,-деп жазды Ташиев. 

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар