Бала бакчалар качан иштеп баштаарын Боронов так айтты…

29.05.2020

5-июндан тарта Кыргызстандагы бала бакчалар иштеп баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Бул жерде өзгөчө тартип болот: ар бир бала бакча Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык тартипти сактоо менен иштөөгө даяр болушу керек. Берилген алгоритмдин негизинде иш уюштурулат, мэрия жана тиешелүү органдар текшерүү жүргүзүп, иштөөгө уруксат берет. Балдардын ден соолугу биринчи орунда болушу керек, — деп билдирди Боронов.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар