«Кыргыздар мырксыңар» Кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлдү…

29.05.2020

1-апрелде милиция кызматкерлерине баш ийбей, уят сөздөр менен сөгүп, «Кыргыздар сасыксыңар, мырксыңар, койсуңар» деген кыздын иши башка берене менен сотко өттү.

 1997-жылы туулган К.К аттуу Бишкек шаарынын тургунуна карата козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлдү.

Буга чейин  Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) менен козголгон иш 341-беренесине (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) өзгөртүлүп, иш сотко өткөрүлдү.

Азыркы учурда К.К үй камагында.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram