Абылгазиев дипломун сатып алганбы?

29.05.2020

АКШда жашаган кыргыз жараны Айбек Хакимов өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган эмес деп билдирди.

Абылгазиевдин өмүр баянында ·  1994 — Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун “агроном” адистиги боюнча, 1997 — Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктагандыгы жазылган.


“Ради интереса почитал биографию премьер-министра и нашел очень интересный факт. В биографии указано, что Абылгазиев в 1997 году закончил факультет экономики и бизнеса Международного университета Кыргызстана. В 1997 году был первый выпуск университета открывшегося в 1993 году. Я был среди первых 60-ти студентов первого набора факультета экономики и бизнеса данного учебного заведения и помню всех поименно, так как был старостой. Абылгазиева среди студентов не было. Я уточнил у нескольких однокурсников, они тоже не помнят его. Заочного отделения тоже не было.Интересно, как Абылгазиев получил диплом МУКа? Хотя чему удивляться, в нашей стране всё возможно”,-деп жазды Хакимов.

Өкмөттүн аппараты бул маалымат боюнча кийинчерээк маалымат берээрин билдирген.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар