29-майга карата 68 адамдан коронавирус аныкталды

29.05.2020

29-майга карата өлкө боюнча коронавирус жуктурган 68 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Илдетке чалдыккандардын 35и Бишкек шаарынан. (Бишкек шаары – 9 + 26Россиядан келген курсанттардан), Чүй облусу – 5, Ош шаары – 2, Баткен облусу – 1, Нарын облусунда – 4 жана Орусиядан келгендерден — 21 алардын ичинен 11 боюнда бар аялдар, 10 студент.

Бүгүнкү күнгө карата Республика боюнча СOVID-19 вирусун жугузуп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram