УКМК Аскарбек Шадиевдин жубайы боюнча маалымат таратты…

22.05.2020

АКШга качып кеткен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевдин аялы Асель Шадиева кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын мааылмат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  2010-2017-жылдары Аскарбек Шадиев мүлктүн кылмыштуу булагын жашыруу максатында жубайы Асель Шадиевага каттатып койгон.  Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Шадиевдердин тийиштүү активдер жана алардан көргөн кирешеси ошол кездеги бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн суммадан көп. Иш боюнча чогулган материалдар боюнча  Шадиева кылмышка катышканын аныкталып турат. Тергөө ага тийиштүү юридикалык баасын бердген.

УКМК Жазык-процессуалдык кодекстин 18-беренесине ылайык жазык соттук териштирүү тең укуктуулук жана тараптардын атаандаштыгынын негизинде жүргүзүлөрүн белгилеп, Шадиева өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдей турган түшүндүрмөлөрүн бергени туура болорун белгиледи.

Эскерте кетсек, 2018-жылы апрель айында Аскарбек Шадиевге Жогорку Кеӊештен 30 миӊ доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголгон.  Ал Тажкисктан аркылуу Россияга качып, андан кийин АКШга кетип калган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram