Апрелде пенсия алуу үчүн үйдө отуруш керек

02.04.2020

Апрель айынан баштап пенсия жана жөлөк пулдарды мамлекеттик ишкана “Кыргыз почтасы” мөөнөтүнөн эрте тарата баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик катоо кызматы билдирди. Алардын айтымы боюнча 9-апрелде республика боюнча баардык почта бөлүмдөрү ишке кирет.Почта кызматкерлери пенсия жана жөлөк пулдарды тарата баштайт. Өз кезегинде мамлекеттик “Кыргыз почтасы” ишканасы баардык элдин эсине салат “баарыңыздар үйүңүздөрдө болуңуздар почточулар ар бириңиздердин үйүңүздөргө барып каражаттарды өз колуңуздарга тапшырат ”.Мындан тышкары эгер муктаждык жаралса соц төлөмдөрдү берүү убактысын дем алуу күндөрү да улантат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram