Бишкектин түштүк тарабы чектөөгө алынды

02.04.2020

Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.
Карантиндик чектөөгө алынган көчөлөр:
• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;
• Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;
• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;
• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;
• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.
Мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүндө дагы дезинфекция иштери улантылат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram