Өзгөчө абал убагында журналисттердин иштөөсүнө эч кандай чектөө болбойт

26.03.2020

Бишкек шаарынын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев өзгөчө абал убагында журналисттердин иштөөсүнө эч кандай чектөө болбосун маалымдады. Кабарчыларды аккредитациядан өткөрүү маселесин республикалык штаб менен сүйлөшүп жатканын билдирип, “Мен шаардын коменданты катары айтам, журналисттердин ишине эч кандай чектөө жок. Штаб менен сүйлөшүп, канча журналистке беребиз, аккредитациядан кандай өткөрүү боюнча билдиребиз. Мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес”, – деди Орозалиев.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар