Атайын эсепке ким канча акча которду

26.03.2020

Бүгүнкү күнгө карата коронавируска каршы күрөшүү үчүн финансы министрлигинде ачылган атайын эсепке 17 миллион 941 миң 700сом келип түшкөн. Алар: Өмүрбек Бабанов 3 миллион, Бишкек ЭЭА 2 миллион, “АС-Сафа” борбору коомдук фонду 2 миллион, Дордой менен Беш Сары, АКНЕТ, “Кулуке” ЖЧКсы, “Нурзаман” курулуш компаниясы, “Бийик” курулуш компаниясы ишканалары 1 миллион сомдон жардам иретинде которуп беришкен. Мындан башка юридикалык дагы жеке жактардан дагы ар кандай өлчөмдөгү каражаттар келип түшүүдө.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram