М.Абылгазиев: “3 күндүн ичинде 3.5 миллион медициналык беткап сатылган”

19.03.2020

 Акыркы 3 күндүн ичинде 3.5 миллион медициналык беткап сатылган. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

  “Биз беткаптар жетишсиздигин мойнубузга алабыз. Себеби, беткаптар Кытайдан келчү, азыр болсо Ошто жана Бишкек ЭЭАда чыгарыла баштады. Учурда өзүбүздөн күнүгө 70 миң беткап чыгарылып жатат. Пандемия башталганча эле Кыргызстанда 3.5 миллион беткап болгон. Азыр баарын 3 күндүн ичинде сатып алышты, анын 1.5 миллионун Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы таап чыкты. Себеби, кызыл кулактар азыркы абалдан пайдаланып, кымбат сатуу үчүн алып катып алганы маалым болду.Тилекке каршы кай бирөөлөрү ушундай оор абалда дагы жеке өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлоп жатышат.”- деди.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1.019

14.8K

Акыркы кабарлар