Кыргызстанда убактылуу айдоочу күбөлүктөр жараксыз болот

14.02.2020

Кыргызстанда эртең 15-февралдан тартып убактылуу айдоочулук күбөлүктөрдүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мөөнөтү бүткөн жана убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт. Айыппулдун баасы 1000 сом болоору маалымдалат.

«Унаа» мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, былтыр июнь айынан декабрга чейин 49 миң жаранга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Анын ичинен 38-39 миң айдоочу күбөлүгүн колуна алган.

Натыйжада 56 миң кишиге убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Ал эми жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр декабрдан тартып берилип баштаган.

Жаңы үлгүдөгү айдоочу күбөлүктөрдүн баасы мурункудан арзаныраак турат. 1 305 сомдун ордуна 732 сом болот деп баасы бычылган.

Fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар