Казакстан менен чектешкен 2 өткөрүү пункту жабылат (Фото)

13.02.2020

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш түзүү бөлүмү 2020-жылдын 20-февралынан баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы  “Акжол-автожол”(Кыргыз Республикасы) – “Кордай-автожол” (Казакстан Республикасы) өткөрүү жайында  реконструкция жүрө тургандыгына байланыштуу  ал жактан  транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотула тургандыгын маалымдайт.

Бул өткөрүү жайынан жарандар мамлекеттик чек араны  жөө кесип өтүшсө болот, бирок  коммерциялык максатта чоң жүктөрдү жана көлөмдүү колго алып жүрчү баштык алып жүрө алышпайт.    Ошол эле убакта өткөрүү жайында курулуш иштери жүрүп турат.

“Акжол-автожол” өткөрүү жайы жергиликтүү убакыт боюнча саат 06.00дөн 24.00гө чейин иштейт.

v  Чүй облусунун Казакстан менен чектеш аймагында төмөнкү өткөрүү жайлары иш

алып барат: “Ак-Тилек-автожол”, “Токмок-автожол”, “Кең-Булун-автожол”, “Чалдыбар-автожол” жана “Кайыңды-темиржол”.

  “Ак-Тилек-автожол” көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт

каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Хунчи айылына жакын жайгашкан.

 “Токмок-автожол” эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды,   транспорт

каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Токмок шаарына жакын Ю. Дунларов атындагы көпүрөнүн жанында жайгашкан.

  “Кең-Булун-автожол” эки тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт

каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Бул өткөрүү жайынан Кыргызстандын жана Казакстандын жарандары гана өтө алышат. Ал Кең-Булун айылына жакын жерде жайгашкан. 

 “Кайыңды-темиржол” көп тараптуу өткөрүү жайы темир жол транспорту менен

бара жаткан жарандарды жана  жүктөрдү өткөрөт. Ал Кайыңды шаарында жайгашкан. 

 “Чалдыбар-автожол” көп тараптуу өткөрүү жайы жарандарды, транспорт

каражаттарын жана жүктөрдү өткөрөт. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылына жакын жерде жайгашкан.

  Баардык өткөрүү жайлар күнү-түнү иш алып барышат.

 Үч өткөрүү жайында – “Акжол-автожол”, “Ак-Тилек-автожол” жана “Чалдыбар-

автожолдо”  чет өлкөнүн жарандары жана атуулдугу жок адамдар – жарактуу “Кыргыз Республикасынын электрондук визасынын” ээлери өткөрүлүүдө.

Өткөрүү жайларынын иштөө режимине байланыштуу бардык өзгөрүүлөр 

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram