Жакындарын коронавирустан сактап калам деп өзүн өлтүргөн киши

13.02.2020

Индиянын жараны жугуштуу оору менен ооруп калып, коронавирус жуктурдум деп өзүн өзү өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өзүн жаман сезген киши ооруканага барганда, дарыгерлер жугуштуу ооруга чалдыккандыгын айтышып, медициналык беткап кийип жүрүүнү сунушташкан. Бирок ал өлүмгө алып келе турган ооруу эмес болчу.

Дарыгерлерди туура эмес түшүнгөн киши өзүнүн үй-бүлөсүн жана айылдаштарын сактап калуу максатында өзүн өзү өлтүргөн.

Маркумдун баласынын айтымында, ал коронавирус тууралуу видеолорду көп көрүп калган. Ооруканадан келгенде, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылган адамдарга таш ыргытып баштаган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram