Нышановго Жумабековдун “Моюнчасы” менен “Тобурчагы” жакпай калдыбы…

13.02.2020

Жогорку Кеңештин депутаты  Сайдулла Нышановдун: “Диалектиңерди үйүңөрдөн сүйлөгүлө”,- деген кеби коомчулукта талкуу жаратты.

Туура ортолук адабий формага келтирилген тилде сүйлөө абзел. Бирок, ансыз да саясаттын айынан уйдун бөйрөгүндөй бөлүнүп бараткан Кыргызга ушул сөздүн айтылышы туура беле? Же депутат мырза, тил ич ара диалект эмес, керек болсо башка элдин тилинен келген сөздөрдүн негизинде байып, жаңыланып турганын билбейт өңдүү.  Болбосо, “бөтөлкө”, “жашик” сыяктуу сөздөр биздин тилге ылайыкташкан орустун сөзү экени жалганбы? Депутат мырзадан кечирим сурап айтаарыбыз, ар ким эне сүтү менен алган тил менен сүйлөөрү турган иш, керек болсо мырзанын аты да ошол канааташ элдин тили менен байланышып,  “Сайдулла” болгонун унутпаса деген кеп. Же Сайдулла мырза диалект менен сүйлөөнү токтотууну трибунадан баштайлы деп төрага Дастан Жумабековдун “моюнча” “тобурчак” деген сөздөрүн түз сындай албай, диалект темасын козгодубу?

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар