Азамат Давлетов: «Анча-мынча кыйынчылыктарсыз ийгиликке из салынбайт»

27.01.2020

Каарманыбыз бала кезинен баштап эле милиция кызматкеринин баш кийимине, тактап айтканда пилотка менен фуражкага кызыгаар эле. Туугандарынын арасынан атасынын иниси милиция кызматкери болчу, ал байкеси үйгө формачан келип калган учурларда фуражкасын кийип көрүп, аскер кызматкери катары колун чекесине такап, чыкыйып «Чест» берип, күзгүгө каранып, өзүн милиция сезип калчу.

Союз учурундагы «Правила ношения форменный одежды» деген китептеги милиция, аскер, десант, өрт өчүргүч жана башка кызматтардын формасын көрүп суктанчу экен. Байкесинин кийип жүргөн формасы менен баш кийимдерине абдан кызыккандыктан «Чоңойгондо мен да форма кийем» деп кыялданчу. Кээ бир адамдардын киченекей кездеги кыялы кийин чоңойгондо «Бул менин бала кыялым болчу»- деп, же турмуш-шарттын айынан кыялдар орундалбай калган учурлар да болот эмеспи. Бирок Азамат өспүрүм болуп чачты суулап тарап, күзгүнү карана жаканы көтөрүп, кыз жандап жүргөн кезинде да « Он биринчи классты бүтсөм милиция болом» деген кыялы дайыма оюнда эле. Балыкчы шаарындагы мектептеги окуусун аяктагандан кийин, 1997-жылы ИИМдин Академиясына, ошол убактагы Бишкектеги ИИМдин жогорку окуу жайына тапшырып өтпөй калат. «Аракет кылып чуркасам да өтпөй калдым башка эле жумуш издейин»-дебестен чуркап, даярданып жүрүп эки жылдан кийин 1999-жылы ИИМдин жогорку окуу жайына кайра тапшырып, ийгиликтүү өтүп кетет. ИИМдин жогорку окуу жайына өтүп кеткенине сүйүнүп «Канчалык астымда кыйынчылык болбосун милиция кызматкери болом»-деп өзүнө өзү сөз берип окуусун улантат.


Азамат курсант кезинде эле өзүнүн чыныгы милиция кызматкери экенин далилдеп көрсөтүп койгон. Ал окуя мындайча болгон. Алгачкы практикалык тажрыйбасын Балыкчы ШИИБүсүнө өтөп баштайт. Курсанттар милициянын чыныгы ишин ошондо көрүп аралаша башташат эмеспи. Азамат бир күнү күндөгүдөй эле кеч Балакчы ШИИБүсүнөн чыгып шаар аралап жөө үйүн көздөй бет алат. Балыкчыдагы аскер шаарчасынын жанынан өтүп бара жатып, шылдыраган үндү кулагы чалып калат.

Башка, же жөнөкөй адам болгондо бул добушка эрөөн албай өтүп кетмек, бирок Азаматта милициянын туюму болгондуктан кызыгып тыңшап калат. Караңгы болгондуктан эч нерсе көрүнбөйт, добуш чыккан жакка акырын басып барып жакшылап караса бирөөлөр бирдеме тоголотуп келе жаткандай. Жакшылып байкаса эки киши бир нерсени тоголотуп анан үндөрүн жай чыгарып сүйлөшүп келе жатышыптыр. Азамат өз ичинен ойлонот « Түн ичи болсо анан жай күбүр шыбыр болуп келе жатышканына караганда булар соо эмес»-деп барып кызыгып сурап көрүүнү чечет.

Каарманым формачан эмес жөнөкөй кийим менен болгондуктан, анча деле шек алдырбай тиги караандарды көздөй басып барат. Жанына келсе олбурлуу эки орус бала алюминий зымды тоголоктоп оролгон бойдон шылдыратып тоголотуп келе жатышыптыр. Ошол убакта түстүү темирлер баа болуп жаткан учур болчу.

Азамат экөөнүн жанына келип «Бул эмне зым? Каяктан алдыңар?»-деп сурамжылай баштайын деп, буларды чочутуп алып кайра дөөдөй эки балага алым жетпей калбасын туя, жай гана учурашып « Зымды сатасыңарбы?»-деп сурап калат. Зымды тоголотуп келе жаткан эргулдар дароо эле «Ооба» дешет. Азамат сыр билгизбей алар менен соодалашып, такси кармап зымды жүктөп, үйүн көздөй айдатып барат. Үйдүн жанына келгенде «Силер зымды жерге таксиден түшүрө бергиле, мен азыр»-деп Азамат үйүнө жүгүрүп кирип, (ал кезде чөнтөк телефондорго көпчүлүккө жете элек болчу), үйдөгү телефон менен «участковыйга» билдирет. Эшике чыгып «участковый» келгичекти эки баланы сөзгө тартып алаксытып турат. Көп өтпөй жардам да келип экөөнү кармап сураштырса Балыкчы шаарындагы аскер бөлүмүндөгү байланыш зымдары экен. Мындан мурда дагы төрт жолу зымдарды кесип уурдашып, бул бешинчиси экен. Буга чейин аскер бөлүгү жоголгон зымдар боюнча Балыкчы ШИИБүсүнө арыз менен кайрылыптыр.

Милиция кызматкерлери зымды кесип алып кетип жаткандарды колго түшүрө албай жүрүшкөн. Азаматтын билгичтиги жана сезгичтиги менен дароо эле кылмыштын бети ачылып, Балыкчы шаарынын мэринин атынан громата жана Балыкчы ШИИБдин башчысынан алкыш жарыяланган. Бул кылмыштын бети ачылгандыгы боюнча Балыкчы шаардык гезитке да чыккан. Ким билет? Азаматтын ордунда башка бирөө болгондо, караңгыда чыккан дабышты эрөөн албай басып кеткенде дагы канча деген зымдар кесилип, өлкө зыянга учурамак. Киченесинен бери милиция кызматкери болом деп жүргөн Азамат курсант кезинде алгач кылмыштын бетин ачканын эсинен чыгарбай келет.


Азамат академияны 2004-жылы артыкчылык менен аяктап, ошол эле жылы академияда окутуучу кызматына дайындылып, ошондон бери аталган окуу жайда эмгектенип келет. Азыркы учурда Азаматтын аркалап турган кызматы сырттан окуу жана магистратура жаатын жетектөө. Кыргызстанда 2012-жылдан бери эки бөлүмдүү билим алууга өтүшкөн, бакалавр жана магистратура. Бирок ИИМдин академиясында бакалавр эле болуп келген. 2018-жылдын апрель айынан баштап, академиянын окумуштуулар кеңешмесинин тапшырмасынын негизинде лицензия жаатында иш-аракет жүргүзүп, ИИМдин жетекчилигинен уруксат алынып, илим жана билим берүү министрлигине кайрылышып, магистратура ачылган. Ачылган бөлүмдө Кыргыз республикасынын күч түзүмдөрүнүн укук коргоо жана фискалдык кызматкерлери сырттан окуп билим деңгээлин жогурулатканга шарт түзүлгөн. Быйылкы жылдан баштап кабыл алынып, билим бериле баштады. Магистратуранын ачылышына Азаматтын кесиптештери жана академиянын башчысынын салымы чоң болгон.


Азаматтын өзү жөнүндө айта кетсек эки кыз бир уулду келинчеги экөө тарбиялап өстүрүп келе жатышат. Үйдө болгондуктан үйдөгү иш оокаттары жана балдарды тарбиялап көз салуу көпчүлүк учурда келинчегинин мойнунда. Азамат бош убактысын көбүнчө үй-бүлөсү менен көбүрөөк өткөргөнгө аракет кылат.

«Жумуштан чыгып кичүү кызымды бала бакчадан алгандан, кызымдын мени көрүп ата деген сөзүнөн баштап балдырыма байланып калам»-дейт. Азамат өзү эле эмес «Аганы көрүп ини өсөт» дегендей бир туугандарынын ичинен иниси да милиция кызматкери болуп эмгектенээрин айта кетти.


«Эң башкысы жашоодо максатка жетиш үчүн адам болуу анын ичинде билимге ээ болуу зарыл. Адам канчалык билимдүү болсо көп жетишкендиктерге жетет эмеспи. Ошондуктан жаңыдан гана милицияга кирип, же билимин жогорулатам дегендерге биздин академиянын эшиги ачык. ИИМдин академиясында билим ала тургандарга жеңилдиктер каралаган, масален башка окуу жайларга караганда ИИМдин академиясында окутуу боюнча акы төлөө (контракт) алдаганча арзандатылган жана баардык шарттар түзүлгөн. Жаңыдан ИИОнун катарына келип кошулуп жаткан жаш кызматкерлердин иштерине ийгилик каалап «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей анча мынча кыйынчылыктарга чыдап коюшса, кийин ошол жумуш өз жемишин берет»-деген каалоо-пикири менен маегибизди аяктадык.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram