Футболдук аянт кайсыл жерге курулаары аныкталды

14.01.2020

Футболдук борбор курууга Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн аймагынан 21,4 гектар жер тилке бөлүп берүү иштери башталды Айыл өкмөт башчынын айтымында, бөлүнүп бериле турган жер тилке Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна таандык. «Бул жер айыл өкмөттүн аймагында жайгашканы менен бизге карабайт. Бирок өкмөт колдонууга берген. Тактап айтканда, биздин аймакта жайгашканы менен бул жер өкмөттүн менчиги. Бизге кайрылышканда жергиликтүү кеңештин депутаттары долбоор менен таанышып, макулдугун беришкен», – деди ал. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жер тилкесин бөлүү маселесин кароодо ФИФА грант катары 3,5 млн доллар бөлө турганы белгилүү болгон. Бул каражатка ФИФА нын, Азия футбол конфедерациясынын жана чет өлкөлүк донордун гранттары кирет. Калган каражатты Футбол федерациясы башка демөөрчүлөрдөн алууга аргасыз Буга чейин Футбол федерациясы Бишкек шаарынын мэриясынан 10 гектарга чейинки жер тилке берүүнү сурап, 2019-жылдын 31-декабрына чейин берилбесе ФИФА, АФК грант үчүн бөлө турган каражат башка өлкөгө бериле турганын билдирген. Декабрь айынын аягында шаардык кеңештин сессиясында футболдук стадион куруу үчүн Бишкектин аймагынан жер тилке бөлүп берүү маселеси каралган. Жылдын аягындагы акыркы сессияда бул маселе чечилбей, шаардык кеңештин отуруму 14-январга жылдырылган болчу.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар