Болот Темировго кол салган шектүүлөр кармалды

14.01.2020

«FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировду сабаган деген шек менен төрт киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-январда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Темировго кол салган деген төрт шектүүнү кармаган. Баары тең Жалал-Абад облусунда туулган.

Кармалгандар Жазык кодексинин «Адамдардын тобу тарабынан күч колдонуу менен тоноо» беренеси боюнча айыпталып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киризилди.

Милиция азыркы учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатканын, тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн аракетине кошумча юридикалык баа берилерин кабарлады.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар