Толгонай Стамалиева президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

13.01.2020

Толгонай Стамалиева президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Президенттин аппаратынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана президенттин басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Стамалиева Толгонай Турдалиевна президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарып келген.

Ал эми Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп  Мансурова Наргиза Аскаровна дайындалды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар