Ак илбирсти аткандар кармала элек

13.01.2020

Таласта табылган ак илбирсти аткандар кармала элек. Бул тууралуу маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Белгилей кетсек, жарадар болгон ак илбирс 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында табылган. Кийинирээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

“Ак илбирсти жакын жерден аткан деген божомол бар. Бүгүнкү күндө аткан адамдар кармала элек. Ал боюнча кылмышы иши ачылып, каттоого алынган. Аткандар кармалса мыйзам чегинде жооп берет “, – деди ал.

Таласта табылган ак илбирс болжол менен 1-2 жашта. Эскерте кетсек, ак илбирсти атууга 1,5 млн сом каралган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар