Садыр Жапаровдун качан боштондукка чыгары белгилүү болду

10.01.2020

Экс-депутат Садыр Жапаровду талапташтары боштондукка чыгаруу үчүн 500 миң кол топтоп, мурдагы эл өкүлүн коргоо үчүн штаб түзүшкөн. Бирок ЖАМКнын өкүлчүлүгү Садыр Жапаровдун боштондукка чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктугун, ал мыйзам чегинде 2026 – жылдын 5-октябрында бошотулаарын тастыкташкан.

Ал эми, Садыр Жапаров ырайым сурап кайрылгандан кийин бир тууганы да агасынын боштондукка чыгуусун суранып Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Өлкө башчы Садыр Жапаровдун ишине кийлигишпесин билдирген.

Эскерте кетсек, канча өкүнүчтүү болбосун баардык сот инстанциялары Садыр Жапаровду барымтага алуу беренеси менен 11-жыл  6 айга эркинен ажыратуу чечим чыгарышкан.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар