Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда Монголиянын курама командасы менен ойноп, 2:1 эсеби менен утту. Оюндун биринчи 45 мүнөттүгүндө Монголиянын дарбазасына 2 топту атаандашына кыргыз футболчулары Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев киргизди.
Кыргызстан менен Монголия курама командаларынын беттеши Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп жатат.
Эскерте кетсек, футбол боюнча 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтүп жатат.
fakt.kg