Ормонов: “Мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган”

09.10.2019

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталганын билдирди.

“Мыйзам долбоору айып пулдардын өлчөмүн азайтууга багытталган. “Кодекстин 123-беренесинде адилеттик принциби сакталган эмес. Алсак айдоочу тарабынан токтотуу жана токтото туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн светофордун тыюу салуучу белгисинен өтүп кетүү же болбосо жол тескегичтин тыюу салган көрсөтүүсүнө баш ийбөө сыяктуу жоопкерчилик каралган”, -деди эл өкүлү.

Жогорку Кеӊеште 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген кодексти өркүндөтүү жана бузуулардын айрым категориялары үчүн айып пулдардын окшош өлчөмдөрүн белгилөө максатында иштелип чыккан “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар