Депутат жол эрежесин бузгандардын айып пулунун төмөндөшүнө каршы

09.10.2019

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов жол эрежесин бузгандардын айып пулунун төмөндөшүнө каршы экенин билдирди.

 “Айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3 миӊ сомдон 1 миӊ сомго чейин азайтылып жатыптыр. Аны ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да  бар, муну дагы эстен чыгарбаш керек. Башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы зарыл. Ошондо тартип болот”, – деди  эл өкүлү.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1206

18 400

Акыркы кабарлар