Кыргызстандагы тоодо жоголгон казак альпинисттер табылган жок

23.08.2019

Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолорунда жоголгон казакстандык альпинисттерди издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу «Tengrinews.kz» басылмасы жазды.

«Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кеткен аскердик альпинисттер кайтып келишти. Жоголгондордун өздөрү да, издери да табылган жок», – деп айтылат маалыматта.

19-августта алматалык альпинисттер Мурат Отепбаев менен Андрей Корнеев кардын «туткунунда» калганы белгилүү болгон. Алар 6600 метр бийиктен түшө албай калышканы болжолдонууда. Буга чейин алардын бири — Александр Чечулин өпкөсү шишип каза болгону маалымдалган.

Алар Жеңиш чокусуна болгон экспедицияны 4-августта баштап, акыркы жолу 16-августта байланышкан. Кечээ, 22-августта казакстандык куткаруучулар тик учак менен Жеңиш чокусунда издөө иштерин жүргүзүшкөн. Оң жыйынтык чыкпагандыктан бүгүн издөө иштери токтотулду

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар