Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер көрсөттү (Видео)

23.04.2019

«Нур Отан» партиясынын лидери, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Сенаттын экс-спикери, 20-марттан бери мамлекетти башкарууга киришкен Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттикке сунуш кыла турганын билдирди. Бул тууралуу Назарбаев бүгүн, 23-апрелде «Нур-Отан» партиясынын XIX жыйынында билдирди.

– Бул кызматка эң татыктуу талапкер деп эсептейм, – деди ал тууралуу Назарбаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган. «Нур-Отан» партиясына мүчө болгон Токаев 20-мартта ант берип, президенттиктен кеткен Назарбаевдин ордун баскан.

Дээрлик 30 жылдан кийин мамлекеттик башчылыктан кетсе да, партиянын төрагасы бойдон калган экс-президент Нурсултан Назарбаев 10-апрелде билдирүү таратып, «Нур-Отан» партиясы 23-апрелде кезексиз курултайын өткөрөрүн маалымдаган.

22-апрелде Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи талапкер, журналист Садыбек Тугел документин тапшырды. Анын талапкерлигин «Ұлы Дала Қырандары» партиясы көрсөткөн.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram