Бишкектеги 1 айга жетпей бузула баштаган жол

10.01.2019

Токтоналиев жана Түштүк магистралдын кесилишиндеги велосепед жолунун кээ бир жерлери бузулууда.

Өткөн жылы Түштүк магистралда жөө өтүүчү аймакты курушкан. Жолдун жалпы узундугу 7,2  чакырымды түзөт жана жарык, отургучтар, таштанды урнасы, эки аялдама комплекси орнотулган. Мындан тышкары велосепед тебүүчү жол да жайгашкан. Буга шаардык бюджеттен жалпы 55 миллион сом жумшалган. Аталган жайда курулуш иштери аяктагандыгы тууралуу мэрия билдирген.

Бирок январдын башында эле  ал жактагы биринчи дефектер байкалган. Кээ бир жерлериндеги бордюрлар урап баштаган.

fakt.kg

 

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram