МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Баткен ОИИБ: “Жарандык активист Роза Мамановага карата Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалымат чындыка дал келбейт”

09.01.2019

Бүгүн, 9-январда жергиликтүү маалымат каражаттарында жарандык активист Роза Маманова “ак үйдүн алдында өзүн жана балдарын өрттөйм”- деген маалымат чыккан.

Бул тууралуу  Баткен ОИИБ аталган маалымат  боюнча түшүндүрмө берет.  

Кызыл-Кыя шаарынын 38 жаштагы М.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, ал өз арызында, 2016-жылдын июль айында Кызыл-Кыя шаарынын жашоочусу Маманова Розакан Султановна анын ишенимине кирип, өзүн жактоочу катары тааныштырып, анын үйүнөн көп суммадагы акча каражатын уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин ачылышына жардам беремин, укук коргоо органдарында тааныштарым бар деп билдирип, алдоо жолу менен гонарар катары 50 000 сом акча каражатын алган, андан кийин 2017-жылдын январь айында көп суммадагы акча каражатын карыз болгон Ноокат районунун Б. К. аттуу жашоочусунан акчасын өндүрүп беремин деп алдоо жолу менен кайра 10 000 сом акча каражатын алгандыгын, андан соң 2017-жылдын май айында таанышы Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Б. М. аттуу жарандын үстүнөн арыз жазып, материал чогултуп, интернет булактарына жарыялаймын деп коркутуп 10 000 сом акча каражатын алгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Жактоочулар кеңешинин маалыматына ылайык, Маманова Розакан Султановна Кыргыз Республикасында Жактоочулар кеңешинде жактоочу катары катталбагандыгы аныкталган. Ал эми, Кызыл-Кыя шаарынын М. А., Т.М., А.К. аттуу тургундардын жана Р. Маманованын берген көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар пайда болгондуктан, аталган карама-каршылыктарды жоюу үчүн алардын ортосунда көздөштүрүү, бир катар тергөө аракеттерин жүргүзүү зарылчылыгы чыгып, аталган тергөө аракеттерди кылмыш иш козгобостон туруп чечүүгө мүмкүн болбогондуктан, М.А. аттуунун арызында көрсөтүлгөн фактылар боюнча 2017-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, күбөлөр менен Р.Маманованын ортосунда көздөштүрүүлөр жүргүзүлүп, Р.Маманованын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн кылмышы толугу менен далилденген. Андан сырткары, Р.Маманованы күбөлөр менен көздөштүрүп жатканда, ал өзүнүн сумкасын тергөөчүнүн кабинетине таштап, ага бир нече жолу сумкаңызды алып кетиңиз дегенге карабастан, сумкамды эртен алып кетемин деп таштап, качып кеткен. Эртеси Р.Маманова тергөөчүнүн кызматтык бөлмөсүндө ордери жок эки жактоочусу менен келип, сумкамдан 50 000 сом акчам жок, Кызыл-Кыя шаарынын прокуроруна барып, арыз менен кайрыламын деп кеткен бойдон кайрадан тергөөгө келген эмес. Бул боюнча Р.Маманованы тергөөгө алып келүү боюнча бир нече жолу мажбур түрдө алып келүү токтомдору кабыл алынып, бирок Р.Маманованын жашаган даректерине барган учурда, ал берген даректерде жашабагандыгы аныкталып, калыстардын катышуусунда тиешелүү актылар түзүлгөн. Жогорудагылардын негизинде Р.Маманова качып тергөөгө келбегендиктен, 2017-жылдын 4-декабрында ага КыргызРеспубликасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен айыбы сырттан угузулуп, ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасы катары сырттан камакка алуу түрү тандалып, анын үстүнөн издөө жарыяланган. 2017-жылдын 4-декабрында кылмыш иш Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 221-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде өндүрүштөн убактылуу токтотулган. Кылмыш иш боюнча айыпкер Р.Маманова 2017-жылдын 12-декабрында Кызыл-Кыя ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан Кызыл-Кыя шаарынын Айбек базарында жайгашкан Ош-Бишкек стоянкасында жүргөн жеринен кармалып, ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБнүн УКЖна киргизилип, ага айыбы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 170-беренесинин 1-бөлүмү менен айыбы угулуп, бөгөт коюу чарасы катары Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан камакка алуу түрү тандалып, тергөөнүн жыйынтыгы менен Р.Маманованын үстүнөн козголгон кылмыш иши Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 236-беренесинин талаптарына ылайык, соттук кароого жиберилип, Р.Маманова Кызыл-Кыя шаардык соту тарабынан 1 жылдык мөөнөткө шарттуу түрдө соттолгон. Андан кийин Р. Маманованын апелляциялык арызы менен кылмыш иши Баткен облустук сотунда каралып, Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмү күчүндө калтырылган. Роза Мамановага карата Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүздү деген маалымат чындыка дал келбейт.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram