МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Урмат САМАЕВ: “Баш байгеге коюлган “Ниваны” ыйгарып, бата берип узатышты”

25.05.2018

“Чемпион” каймана аты бар, бокс боюнча спорт чебери, Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири Урмат Самаевди бүгүнкү, 25-май туулган күнү менен куттуктап, эл өкүлүнүн бейне сүртүмдөрүнө кайрылалы дедик.

  • Урмат Обозбекович, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
  • Мен 1986-жылы 25-майда Чүй облусунун Чүй районундагы Он бир жылга айылында карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Атам Обозбек өмүр бою айдоочулук кесипти аркалаган, ал эми апам Алия үй кожейкеси. Атам мен 11 жашка чыкканда 1997-жылы каза болуп калып, бизди апабыз жалгыз тарбиялап чоңойтту. Төрт бир туугандын экинчисимин, эжем, иним, карындашым бар.
  • Кичинеңизде чоңойгондо ким болом деп максат койчу элеңиз?
  • Балалыкта ой чаржайыт болот эмеспи. Бир багытты тандап, мен ушундай болом деген эмесмин. Айдоочулук менен алек болсо дагы атам убагында абдан көп адамдарга жардам берген колу ачык, берешен, ак көңүл киши болгон. Токмокко келип окуп-иштегендердин үйү жок болсо, биздин үйдө бекер эле жашашчу. Атамды көрүп, “Чоңойгондо кайсы кесиптин ээси болсом дагы, элге жардам берген, элдин таламын талашкан адам болсом экен” деп максат койчумун. Бала кезден эле алым келсе да, келбесе да мектептин намысын коргочумун. Бизде жыл сайын “Мектеп окуучуларынын Спартакиадасы” өтчү, баш байге катары кубок жана 3 кабаттуу торт коюлчу. Баш байгени алуу үчүн тырышып жүрүп, акыры жеңгенбиз. Директор линейкага чыгарып, бизди мактап, сыйлык бергенде толкунданып, абдан кубанып, кийинки ийгиликтерибизди жаратууга чоң стимул болгон.
  • Мектепте кандай окудуңуз, канчанчы атаман элеңиз?
  • Укмуш жакшы окуган окуучулардан болчумун деп айта албайм, орто окучумун. Бирок, коомдук иштерге активдүү катышчумун. Ал эми атамандыкты менде эч ким талаша албайт эле (күлүп).
  • Кыздарга кат жазчу белеңиз?
  • Кат жазып убара болуп олтурбай эле жагып калган кызга барып түз сүйлөшчүмүн. Тартынуу деген менде болчу эмес.
  • Спорт Сиз үчүн?
  • 5-классымдан бери спорт менен тыгыз байланыштамын. Бокс боюнча спорт чеберимин. Спорт – ден соолук булагы. Мен үчүн спорттун мааниси абдан чоң. Ушундай деңгээлге жетишиме спорттун өзгөчө орду бар. Анткени, ал булчуңду эле эмес, адамды психологиялык жактан да чыңдайт. Кыйчалыш маалда туура чечим чыгарууга, тез, сапаттуу иштей билүүгө, токтоолукка үйрөтөт.
  • Эс алуунун кандай түрүн жактырасыз?
  • Бош убактым боло калса эле апамдын жанына жөнөйм. Апам менен баарлашып олтурган ар бир көз ирмем мен үчүн чексиз бакыт. Апам мага берекенин символундай сезилет. Моокумум кана кучагыма бекем кысып, жытынан жыттасам, кадимкидей эс алам. Экөөбүз катуу сырдашабыз. Сүйүнчүмдү да, кайгырганымды да апам менен бөлүшсөм жеңилдеп, өзүмө келип калам. Эч качан кабагын түшүрбөгөнгө, капа кылбаганга аракет кылам. Негизи эле жер жүзүндөгү бир да апанын көз жашы төгүлбөсө экен дейм. Эгерде, бир тамчы жаш карегинен кулай турган болсо, ал ылайым сүйүнүчтүн, бакыттын жашы болсун.
  • Сизди аргымакка абдан жакын деп уктук…
  • Ат деген өзгөчө жаныбар, адамдын жамандыгын өзүнө тартып алат. “Ат – адамдын канаты” деп бекеринен айтылбаса керек. Бош убактымда апамдан кабар алгандан кийин ат минип, келечек тууралуу ойлонгонду жакшы көрөм.
  • Аргымагыңыз Казакстанда өткөн ат чабышта баш байгеге ээ болгон турбайбы?
  • Өткөн жылдын сентябрь айында Казакстандын Алматы облусунда казак баатыры Даут Аса уулунун 230 жылдыгына карата өткөн жарышка түшкөн күлүктөр 25 чакырым аралыкка чуркашкан. Анда Кыргызстандын атынан катышкан менин “Покер” аттуу күлүгүм 52 аргымакты артта калтырып озуп чыкты. Жарышта аз гана айырма менен жеңишти камсыздадык. Биздин аргымак жарым метр айырма менен маарага жетип келди. Мындан улам күлүгү артында калган казакстандыктар калыстарга барып баш байгени өзүнө ыйгаруу аракетин көрө баштады. Бирок отурган эл, аксакалдар ортого түшүп “Кыргыздар боордош эл болот, калыстыктан тайбагыла, аттын эмгегин жебегиле!” деп колдоп беришти. Ошентип баш байгеге коюлган “Ниваны” ыйгарып, бата берип узатышты.
  • Намаз окуп, орозо кармайсызбы?
  • Жума намазды калтырбаганга аракет кылам. 5-6 жылдан бери орозо кармайм.
  • Эки аял алууну мыйзамдаштырууга көз карашыңыз кандай?
  • Биздин кыргыз кыздарыбыз башка улутка тийгенден көрө, экинчи, үчүнчү аял болуп өзүбүздүн кыргыз мырзаларына турмушка чыгып, кыргыздын санын көбөйткөндөрү жакшы го дейм. Эгерде, эки аял алууну мыйзамдаштырабыз деп көтөрүп чыгышса, мен колдомокмун.
  • Депутаттык мандатты сатып алгансызбы же элдин колдоосу менен Жогорку Кеңешке келдиңизби?
  • Эс тарткандан бери колумдан келишинче элге жардам бергенге умтулуп келем. Токмок шаардык кеңешинде үч жыл депутат болуп турганымда биздин колдообуз менен жыйырмадан ашык бала үйлүү, кыркка жакын бала машиналуу болгон. Аз да болсо эл алдында кадыр-баркыбыз бар экен, алардын колдоосу, Жараткандын каалоосу менен эл өкүлү болуп келдик.
  • Депутат болуу башкалар ойлогондой оңой эле бекен?
  • Мамлекеттин, элдин тагдыры эч убакта “оңой эле” болбойт. Негизи, жашоодо оңой эч нерсе жок. Депутаттык кызмат – чоң жоопкерчилик. Ар бир добуш берүүң – сага ишенген элдин добуш берүүсү. Сен алардын ишеничин акташың керек.
  • Жогорку Кеңеште фракциянын кызыкчылыгы деп адамдык позицияңызга каршы келген чечимдерге добуш берген учур болду беле?
  • Андай учур болгон эмес. Баарыбыз кеңешкенден кийин фракция кандайдыр бир чечим кабыл алса, биз сөзсүз көпчүлүккө баш ийишибиз керек.
  • Кийинки чакырылышта кайра депутат болуп келейин деген оюңуз барбы?
  • Генерал болууну каалабаган солдат солдат эмес. Кудай буюрса аракет кылабыз. Болбой баратса, татыктуу агалар бар, аларды колдойбуз.
    • Кызматтан кеткенден кийин депрессияга кабылган экс-депутаттар көп болот экен, Сиз стресске кабылбоого моралдык жактан даярсызбы?
    • Депутаттык кресло атабыздан калган мурас эмес. Кызмат келип-кетчү нерсе. Эртең депутат болбой калсам деле өзүмдүн оокатымды кылып, арабамды сүйрөп кете берем. Кайгырып-капалануу деген менде такыр болбойт.
    • Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
    • Ашынган байлыгым жок, бирок баары жетиштүү, Кудайга шүгүр. Кийингенге кийимибиз, жегенге тамагыбыз бар. Эл катары чарбачылык менен алектенип, 300-400 адамды иш менен камсыз кылабыз.
    • Кыялкечсизби?
    • Жок, мен реалистмин.
    • Жашоодогу принцибиңиз…
    • Эч качан артка кылчайбоо. Тек гана алдыга умтулуу. Өткөнгө өкүнбөө.
    • Ачууңуз мурдуңуздун учундабы?
    • Кээде эмоцияга алдырып жиберген учурлар болот. Айрыкча алсыздарга кыйын болгондорду көргөндө чыдабай кетем. Күчүнө же акчасына ишенип, өзүнөн улууларга керсейген жаштарды кээде тарбиялап коюуга туура келет. Негизи, табиятымдан бир мүнөзмүн, эки жүздүү адамдар менен тил табыша албайм. Түз, ачык айткан, чынчыл, туруктуу адамдарды баалайм. Жаштарыбыз тартиптүү, билимдүү, акылдуу болсо экен деп тилейм.
    • Кандай адамдарды кечире албайсыз?
    • Кек деген өзү жаман сөз. Эркектин кеги жаман, көгү жакшы. Көңүлүмдү калтырган, сатып кеткен адамдарды кечирбей койгон учурум болгон эмес, баарын Кудайга коём.
    • Кичи мамлекетиңиз канча өкүлдөн турат?
    • 24 жашымда үйлөнгөм. Келинчегим Айжандын кесиби бухгалтер. Бирок, учурда үйдүн, балдардын түйшүгү анын мойнунда. Ата-эненин мыкты тарбиясын алган кыз. Кудайга шүгүр, 1 кыз, 2 уулдун бактылуу ата-энеси болдук.
    • Үйлөнүү сунушун кантип айткансыз?
    • Ата-энем 31-декабрь күнү үйлөнүшкөн экен. Мен дагы атамдын жолун жолдоп, 31-декабрь күнү үйлөнсөм экен деп кичинемден эле ойлоп койгом. Келинчегим менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөнүмдө Жаңы Жыл күнү апам менен тааныштырып коёюн деп үйгө алып келсем, апам: “Жылдыздуу, жакшы кыз экен” деп жоолук салып алып калып, тилегим орундалган. Ошентип, 2010-жылы 31-декабрда үйлөнгөм.
    • Кызыктуу маегиңизге рахмат!
  • Булак: “Де-факто” гезити

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram