МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Бишкекте өзүн өрттөгөн киши каза болуп калды

01.03.2023

Бишкекте бир күн мурда өзүн өрттөөгө аракет кылган киши ооруканда каза болду. Маалыматы Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Белгилүү болгондой, бейтаптын алган жаракаттары оор болгондуктан ал түндө каза болгон.

Эске салсак, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде Руслан аттуу киши өзүн өрттөөгө аракет кылгын. Окуянын күбөлөрү өрттү өчүрүп, жабырлануучу “Тез жардам” менен ооруканага жеткирилген.

Бишкектеги Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, жабырлануучунун денеси II-IV даражадагы 30% күйүк алган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram