МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Кыргызстанга 8 тик учак берет

01.03.2023

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде “Ми-8” тик учактарын берет. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Орусия президентинин чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов билдирди.

Бүгүн Бишкектин эски аянтында Россия тарабынан берилген 40 өрт өчүрүүчү техниканы салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи өткөрүлүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бир катар жетекчилер катышты.

Маслов билдиргендей, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун программасынын алкагында өткөн жылы ар кандай долбоорлорго 80 млн доллар бөлүнгөн, 2023-жылы да ушул эле сумма бөлүнөт.

“Атайын даярдалган тик учактар ушул жылдын ноябрь айында алынып келет. Жалпы 8 тик учак берилет. Алар атайын тоолуу аймактарда издөө куткаруу иштерине ылайыкталып жасалып жатат”, — деди Игорь Маслов.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram