Өспүрүм кызга физикалык күч колдонуп, жыныстык катнашка барды деген шек менен 45 жаштагы киши кармалды. Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 27-февралда Аламүдүн РИИБине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал 2006-жылы туулган кызына А. аттуу киши күч колдонуп, жыныстык катнашка барганын айткан.
Бул факты “Зордуктоо” беренеси менен каттоого алынып, тергөө иштери башталган.