Бишкекте аялы менен 6 айлык баласын сабаганга шектелген киши 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту 26-февралда чыгарган.
Маалым болгондой, шектүү 25-апрелге чейин СИЗО-1де камакта болот.
Белгилей кетсек, 25-февралда бишкектик тургун К.К. үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Келиндин айтымында, 24-февралда пикир келишпестиктен улам жолдошу денесине залал келтирген. Андан тышкары 2022-жылы туулган баласына да кол көтөргөнүн айткан.