МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Курманбек Бакиев Дубайдагы жолугушуудан Атамбаев кантип чыгып кеткенин айтты

28.02.2023

17-февралда Дубайда өткөн экс-президенттердин өлкө башчысы Садыр Жапаров менен жолугушуу боюнча Курманбек Бакиев дагы маалымат берди.

 Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев аягына чейин олтурган эмес. «Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды. Мен ага ал тууралуу акырын айтып койдум эле, ал дааратканага барам деген шылтоо менен чыгып кетти», — дейт ал. Курманбек Бакиевдин билдирүүсүндө, мурдакы жетекчилер жолугушуунун форматын билишкен эмес. «Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында — жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил — муну, бул — тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик. Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду. Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду», — дейт ал.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram