Бишкекте 28-февралга караган түнү жеңил унаалар сүзүшүп, 5 адам жаракат алды. Кырсык Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Анда Honda Fit жана Honda Stream унаалары сүзүшкөн. Honda Fit унаасында айдоочу жана эки жүргүнчү болгон, алар “Тез жардам” кызматы келгенге чейин эс-учун билбеген абалда болушкан. Ал эми Honda Stream унаасынын айдоочусу оор жаракат алган, жанындагы жүргүнчүсү менен ооруканага жеткирилген.