Бишкекте чет элдик туристке тийишкен жигит аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, 22-февралда текшерүү иштеринин жүрүшүндө О.А. аттуу пранкчы жигит тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгына ылайык, юридикалык баа берилет.
Буга чейин социалдык тармактарда блогер жосунсуз кылыгы менен чет элдик жаранды пранкка салган. Анын тамашасы социалдык тармактарда нааразычылык жаратып, аны жоопко тартуу талабы коюлган.