Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Өзгөчө кырдаалдар министлигинен кабарлашкандай, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок