МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Депутат 150 гектар бакты “Садыр Жапаров” деп атоону сунуштады

22.02.2023

Депутат Эмил Жамгырчиев Бишкектеги Ботаникалык бакка президенттин атын берүүнү сунуштоодо.

Депутат белгилегендей, Бишкекте эки ботаникалык бак бар. Бири Горький көчөсүндө жайгашкан, экинчиси Ахунбаев көчөсүндө. “Ахунбаев көчөсүндөгү ботаникалык бактын аянты 10 гектар, Горькийдеги 50 гектар. Бул 150 гектар жер азыр Илимдер академиясынын балансында. Ботаникалык бакты 60 кызматкер карайт. 20 адам чарбалык иштерге жооптуу, калганы 40 кызматкер илимпоздор. Ошентип, 150 гектарды 20 адам карап турат. Бакчалардын азыркы абалын карагылачы, иттер да барбайт, жалаң баңгилер жүрүшөт, зордуктоо болуп жатат. Балким, Ботаникалык бакчаны улуттук парк кылып, президенттин атын бериш керекпи? Сөз жашылдандыруу жөнүндө болуп жатат. Мына ушуга көңүл бургула, каражат бөлгүлө”, – деп президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram