МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Кой-Таш окуясында бир адам өлүп, жашыруун көмүлгөн. ИИМдин жообу

22.02.2023

Чүй облустук милиция мурдагы президент Алмазббек Атамбаевдин, 14-февралда абактан чыккандан кийинки маалымат жыйындагы билдирүүсү боюнча үн катты.

Анда Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуясында, аны кармоо боюнча атайын операция учурунда, аны коргоп чыккан жарандардын ичинен бирин адам каза болуп, маркум жашыруун көмүлгөнүн билдирген.

16-февралда аталган маалыматты тактоо максатында, ал каттоого алынган.

Милициядан билдиришкендей, 2019-жылы аталган жарандын жерге берилиши боюнча Талас райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан териштирүү жүргүзүлүп, К.М. аттуу жарандын өлүмү Кой-Таш окуясы менен байланышы жок экендиги аныкталган. Маалым болгондой, маркум кырсыктын айынан каза болгон. Тактап айтканда, ал Талас районунда жоголгон малды издеп, тоодо жүргөн учурда 12 калибрлүү мылтык менен сол бутуна кокустан атып алып, кан жоготуудан каза тапкан.

«Бул жагдай чогултулган материалдар жана маркумдун жакындарынын көрсөтмөсү менен тастыкталат», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан белгилешкендей, текшерүүнүн жыйынтыгы менен соттук өндүрүш кылмыштын курамы жок болгондуктан, жабылган.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев менен Ирина Карамушкинанын Кой-Таш окуялары учурунда каза болгон жаран жана анын жашыруун жерге берилгени тууралуу маалымат тастыкталган жок», — деп билдиришти ИИМден.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram