МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ

Исаков: “Бакиев бере турган биримдикти урдум да, кол койдум…”

21.02.2023

Кара жанын калкалап качып жүргөндөр, өз доорунда бийликти менчиктеп минип алган узурпаторлор качантан бери эл ынтымагынын гаранты болуп калышкан?Бул тууралуу белгилүү журналист Ыдырыс Исакров жазып чыкты.

Билип койгула! Элинен куулуп, сандалып саны сайда калган селсаяктар эч качан биримдиктин негизи боло албайт. Элдин биримдиги бийликтин калыстыгында. Ынтымактын ачкычы адилеттикте жатат. Негизи эле “элде биримдик жок” деген сөз каяктан чыгып атат? Баткен окуясында эл бириккен жокпу? Жапатырмак жардам уюштурган жокпу? Айыл-айылда светти, жолду, таза сууну эл өзү уюшуп эле куруп атат го. Биз жээрип, “оруска өтүп кеттиң эле, эми орусту коргоп Украинага согушка бар да” деп кекетип аткан мигранттарыбыз деле оозуна алы жетпеген айрым аткеттилерге терикпей, теңелбей өз айылдарында бийлик чечпей отурган канчалаган маселени каржылап атат? Түндүк-түштүк саясат-маясаты жок эле сүйлөшүп-сүйлөшүп, үйлөнүп-жайланып көгөрүп атат го. Алыс-жакыны, аркы облус, берки облус эли кучакташып кудалашып атат го. Өзбек-кыргыз деле кыз-алышып, кыз беришип атат го. Бир жактан башка жакка ротацияланган кадрларды кайсы жерде кууп кетиришти? Мунун баары ынтымак болбогондо эмне? Имитациябы, же симуляциябы? Артисттикпи? Элди бөлгөндөр ошол акүй, көкүйдү сагалап кызмат талашкан мансапкорлор эле. Кресло үчүн баарын сатууга даяр бир ууч ошол мансапкорлордон башка эч ким бөлүнгөн жок. Биз жаман деген Батышка окууга, ишке кеткендер да ушу мекенинен үзүлө албай качан болсо жардамын бергенге даяр жүрүшөт го. Кайтамын деп жүрүшөт. Батыштан тапканын Кыргызстанга салып, Кыргызстандан үй-жай алып атышат. Бийлик параз, байлык параздардан айырмаланып, алар акчасын четке катпай мекенине салып атат го. Мунун баары биримдик болбогондо эмне болуп калат? Элдин бул ынтымагына Акаевдин кандай тийешеси бар? Баш мыйзамды каалагандай бурмалап, мөөнөтүн каалагандай узартып алган адилетсиздиктин биринчи үлгүсүн ошол Акаев көрсөткөн эле го. Биздин эгемен тарыхтагы биринчи узурпаторубуз ошол Акаев эмес беле? Антты бузган ошол Акаев эмес беле? Же Акаев куумайынча кетпейм деп, нийетин ачык айтып келген беле бийликке? Суп-сулуу, жап-жайдары болуп, эл сүймөнчүгү менен келип отурган эле го. “Жамалы жакшы экен” деп, ага канча ак-көз, кара-көз үмүт байлаган эле го. Элдин ошол үмүтүн Акаев актадыбы? Акырында бузулуп, ээсин тааныбай эсирип, эрдемсип кетпеди беле? Катасын айтып, сындап койгондун баарын жээрип, кууп баштабады беле? Адил бийлик курам, Швейцария кылам деген ошол жалтырак баш, кара каш Акаевдин тушунда шайлоолор кандай өтчү эле? Эсиңердеби ошол? Акаев кезиндеги сотторду билесиңерби? Кыйноолор кандай болгонун элестете аласыңарбы? Аймактардагы кызматтар Майрам аркылуу чечилгенин эстен чыгардыңарбы? Ошол кылмыштары, эпсиз көп каталары үчүн куулуп, бозуп жүргөн, орустун этегине кире качып, кара жанын эптеп багып жүргөн Акаев эми эл ынтымагынын гаранты болуп берет бекен? Урдум да кол койдум ушундай биримдикке. “Элин аткан, жерин саткан Акаев кетсин!” деген ураан менен келген Бакиев андан артык чыктыбы? Нагыз узурпатор ошол болду го. Бир короо бир туугандарынын бирин койбой кызматка дайындап, аз келгенсип, бүт каржыны баласына карматып койгон ошол Бакиев эмес беле? Атып кетмей, союп кетмей, терезеден ыргытмай, өрттөп салмайлар ошол Бакиевдин тушунда кадыресе болбоду беле? Адилеттүү башчы болууга ант берген Бакиевдин тушундагы урнага таңгагы менен ташталган бюллетеньдерди унуттуңарбы? Кызматка дайындоолор кандай принцип менен ишке ашкан анда? Бакиевдин тушундагы коррупциянын масштабын эстегилечи. А криминалды Акаев да, Бакиев да тыйган эмес. Тыйганга аракет да кылган эмес. Ошондуктан Бакиев бере турган биримдикти урдум да, кол койдум. Техникалык президентти эске албаганда кийинки узурпатор Атамбаев болду. Ал алгачкы үч жылын Бакиевди жамандоо менен өткөрдү. А кийинки үч жылын Соке досун сүйрөөгө коротту. Атамбаев да нагыз узурпатор болду. Бакиевди сындаган менен узурпаторлук жагынан Бакиевден дээрлик айырмаланган жок. Бажыдагы коррупция, тендердеги коррупция, криминал, кыскасы артыксынган Атамбаев айырмаланган жок. Заар кайненедей болуп, шайлоолордо партиялардын тизмесине киришкен адат мына ушул Атамбаевден калды. Эгемен тарыхтагы нагыз кылмышкер президенттер ушул үчөө болду. Бирок булардын бири да бийликти узурпациялоо беренеси менен соттолгон жок. Болбогон бир майда-чүйдө айыптарды тагып ит болдук. Негизи башчылардын эң чоң кылмышы бийликти узурпациялап алганы болот. Бул үчөө ошол эң чоң кылмыштарды кылган. Ошондуктан бул үчөө бере турган ынтымакка мен такыр муктаж эмесмин.Камалып, качып, куулуп жүрөт имиш да элдин ынтымагына кепил болот имиш. “Кечиришели, кудай да кечирет. Кудай кечиргенден кийин биз ким болуп калыптырбыз” деген сөз айтылды. Биринчиден, биз кудай эмеспиз. Аларды кудай кечирсе кечире берсин. Ал кудайдын өз иши, өз ыктыяры. Ар бир келген башчы бизге убада берген, ант ичкен. Качкандары да, камалгандары да ошол антын бузгандар. Алардын ар биринин элден карызы бар. Элдин жүгү энесинин оюну эмес. Экинчиден, үч-төрт качкын бири-бирин кечиргени аларды жалпы эл кечирди дегендикке жатпайт.Үчүнчүдөн, баятан бери айтып жаткан калыстык бул жерде да орун алган жок. Кечирим кандай принцип менен болду? Же бул бийликтин кечиримдүүлүгү мурунку президенттерге гана таралып, берки Кемпир-Рават боюнча камалгандарга тарабайбы? Же ошол Кемпир-Рават маселеси тууралуу пикир айтып кою куулган президенттер кылган кылмыштан дагы оор деп табылдыбы? Дагы айтам: Элге ынтымакты калыстык берет. Сотторуң адил болбосо, бийлигиң калыс болбосо биримдиктин бири да болбойт. Тендерлер таза өтпөсө, кызматтар билимди тааныбаса, текшерүүчүлөр доолап турса биримдик болбойт. Кыргыз артына алаңдабай, эки жакка элеңдебей, келечегин тааныса, багытын аныктаса, ошол багытка түз караса өнүгөт. Ынтымакты өткөндөн издештин кереги жок. Эски кээде элдештирет, кээде жоолаштырат.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram